• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда 70 жаштагы акын айымдын беш китеби жарык көрдү

Аймак 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 70 жаштагы айылдык акын айым Салкын Нуркулованын беш китеби жарык көрүп, Жалал-Абад областтык китепканасында анын чыгармачылыгына арналган атайын маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Бул маданий иш-чарага жергиликтүү акын-жазуучулар, студенттер, ошондой эле поэзияны сүйгөн инсандар катышышты.

Акын Салкын Нуркулованын айтымында, ал Базар-Коргон районунан болот жана 50 жашка чейин мектепте башталгыч класстарга сабак берип иштеген. Ал эми чыгармачылыкка 2010-жылдан кийин гана киришти.

“Учурда беш китебим жарык көрдү. Алар “Жер соорусу Арстанбап санжырасы”, “Кызжибек дастаны”, “Аймактын чыгаан инсандары”, “Айылдык жаш мугалимдерге жардам” аттуу китептер. Ушул менин чыгармачылыгыма арналган маданий иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн, колдогон инсандардын баарына ыраазчылык билдирем. Мындан ары да тынымсыз чыгармачылыктын үстүндө иштеп, окурмандарга жаңы китептерими, чыгармаларымы тартуулайм деген ниеттемин”, -дейт ал.

“Маданий иш-чаранын катышуучуларына акын айымдын ырлары окулду. Облустук китепкананын кызматкерлери бул кезектеги маданий иш-чара быйылкы “Адеп, ыйман жана маданият жылына” арналганын белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий