• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад облусунун көптөгөн тармактарда жигердүү эмгектенип келе жаткан 120га жакын аялга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатка КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жалпы айымдарды майрам менен куттуктады.

"Урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар! Бүгүнкү саамалыктын жалпы катышуучуларды!

Аялзаты эне, жашоо башаты, үйдүн куту. Бүгүнкү күндө да айымдарыбыз бала тарбиялап, үй-бүлө түйшүгүн тартып, келечек муундарга адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтып келет. Айымдар дээрлик бардык тармактарда эмгектенип, ийгиликтерди жаратууда. Заман талабына ылайык эркектер менен тең тайлаша турмуш жүгүн артууда.

Мамлекеттин тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсүндө илим-билимдүү жаратман айымдардын салымы чоң. Сиздер тарбяилаган татыктуу уул-кыздарыңыздар мекенди коргоп, мамлекеттин өнүгүүсүндө талыкпай эмгектенип келе жатышат. Бул аялзатынын коомго кошкон эң зор салымы", – деди Абсаттар Сыргабаев.

Иш-чарада тармактардын алдыңкы кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылып, концерттин программа менен коштолду.

Жалал-Абад облусунда 1 млн 260 миңден ашуун калк болсо, анын 49 пайызын аялдар түзөт. Ал эми облустук 10го жакын мекеме-ишканаларды айымдар жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий