• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди

Аймак 0

Бишкек, 03.02.22. /кабар/. Жалал-Абад облусунда 2021-жылы ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилген. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда тизмеси аныкталган дагы 143 балага туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул көрсөткүч 2021-жылдын башында 223 баланы түзгөн.

Алар: Сузак районунда 42, Ноокен районунда 29, Ала-Бука районунда 19, Базар-Коргон районунда 17, Токтогул районунда 8, Аксы районунда 6, Чаткал районунда 7, Тогуз-Торо районунда 1, Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында 6, Таш-Көмүр шаарында 2 бала.

Күбөлүгү жок балдардын ичинен турмуш шарты оор 20, ата-энеси мигрант 27, ата-энесинин чет өлкөлүк жарандыгы бар 2, ата-энесинин паспорту жок 6, башка себептер менен 88 бала такталган.

Пикир

Оставить комментарий