• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абадда 80ден ашуун үй суу каптоо коркунучуна кептелди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тайгараев аймактык башкаруусундагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Тайгараев аймактык башкаруусундагы №9 дамбанын жээгин жеп кетүү жана Кыргызстан айылындагы болжол менен 80ден ашуун турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

“Жээкти бекемдөө үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан 1 бирдик жүктөгүч тартылган. Кечээ, 5-апрелде дарыянын жээктерин бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жалпы 37 метр убактылуу тосмо курулду”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий