• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Жалал-Абадда 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан 2021-жылдын 19-ноябрь күнү Сузак районунун 9 жаштагы тургуну Хосилжанова Сумая Уткирбековна 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган.

Сумаянын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу Сузак РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү 100дөн ашуун тургун менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүүдө.

Жарандарга бүгүн, 22-ноябрда Сузак районунун борбордук бөлүгүндөгү аянтчада Сумая тууралуу маалыматтар берилди. Издөө иштерине тартылган милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар айылдарды аралашып, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат. Ошондой эле талаалар, сай бойлору да текшерүүгө алынууда. Бирок азырынча натыйжалуу майнап чыга элек. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү джемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий