• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда абаттоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Жалал-Абад шаарында абаттоо боюнча эреже иштелип чыккан. Ошол эреженин негизинде Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте шаар аймагын текшерип чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сёз кызматы билдирди.

Вице-мэр Т. Темирбаевдин айтымында, шаарда жасала турган жумуштардын баары эле акча каражатын талап кылбайт. "Өз убагында тазалоо маселесин койдук. Айрым жетекчилерге милдеттенмелерди бердик. Шаардын аймагындагы асфальттардын казылган, суу түтүкчөлөрүнүн казылган жерлерин жамоо иштерин көзөмөлгө алуу жагы айрым жетекчилерге милдеттендирилди", -дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий