• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргон районунун Абдраимов айылындагы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Абдраимов айылында № 42 “Ак-Кеме” бала бакчасынын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул мектепке чейинки билим берүү объектиси 2018-жылы башталган. “Анын жалпы аянты 887,9 чарчы метрди түзүп, долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген. Бүгүнкү күндө жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга даярдыктарды көрүүдө,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 24 млн 477 миң 280 сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 8 млн 977 миң 300 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий