• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында адам өмүрүн сактап калган ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери милициянын капитаны Сардар Машарипов сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сардар Машариповго Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамотасы тапшырылды.

Сыйлыкты тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Алмаз Кудайбердиев кызматкердин жасаган эрдиги мактоого татый тургандыгын белгилеп, жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга кошкон зор салым катары баалады.

Эске салсак, Сардар Машарипов 2-февраль күнү Жалал-Абад шаарындагы соода маркеттеринин биринде өнөкөт оорусу кармап калган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калган.

Пикир

Оставить комментарий