• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда адам уурдаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда адам уурдап, жакындарынан 20 миң АКШ долларын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 17:00дө Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Салтанат” ресторанынын жанында 28 жаштагы Т.Ф. аттуу Сузак районунун тургунун уурдап кетишкен.

Аны белгисиз азиат улутундагы адамдар “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага күч колдонуп салышып, белгисиз тарапка айдап кетишкен. Кылмышкерлер жабырлануучуну Бишкек шаарына алып барышып, жакын туугандарынан 20 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде “Киши уурдоо” беренеси менен катталып, Жазык кодексинин 170-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү аталган фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын ноябрь айынын башында, Жалал-Абад шаарынын криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү жаран кармалган. Ал милиция кызматынын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну 26 жаштагы М.Ш., аттуу жаран Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалган. 26 жаштагы эркек киши Жалал-Абад шаарынын тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы убакта анын башка дагы жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий