• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда адам уурдап, $20 миң талап кылгандардын бирөөсү кармалды

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында адам уурдап, 20 миң доллар талап кылган төрт кылмышкердин бирөөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Милиция калган үч шектүүнү издеп жатат.

Окуя 12-февраль күнү болгон. 28 жаштагы шаар тургунун белгисиз адамдар Honda Fit машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Жабырлануучунун досу ага жардам берүүгө аракет кылганда бирок аны сабап, телефонун тартып алышкан.

Ошондой эле күбөлөр жаттап калган Honda Fit унаасын номуру уурдалган болуп чыкты.

Бир аз убакыттан кийин кылмышкерлер жабырлануучунун туугандарына чалып, 20 миң доллар талап кылышкан.

13-февраль күнү Бишкек милициясына батирде жардам берүүгө чакырган үн чыгып атат деген кабар түшкөн. Чакырууга келген милиция кызматкерлери барымтага алынган – Жалал-Абадда уурдалган жаран экенин аныкташкан.

Кылмышкерлер жабырлануучунун колу-бутун байлап сыртка чыгып кетишкен. Ошол учурда жабырлануучу колун бошотууга үлгүрүп, жардам сурап кыйкырган, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы З.Б. кармалды. Болжолдуу маалымат боюнча, кармалган жаран Россиянын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мурда соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Пикир

Оставить комментарий