• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында болгон. Тактап айтканда, 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 60 жаштагы С.М. аттуу тургуну телефон чалып, анда 2021-жылдын 20-сентябрь күнү саат 02:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн, 1983-жылы туулган С.Д. аттуу баласын белгисиз адамдар жашыл түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаасына күч колдонуп салып, уурдап кетишкендигин кабарлаган.

Аталган факты боюнча материал ОИИБдин КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 170-беренесинин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары КР ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жалал-абад облусунун Сузак районунун 1995-жылы туулган М.Б.М. аттуу тургуну кармалып тергөөгө камсыздалган. Өндүрүш иштин алкагында КР ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн, 6-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралат.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий