• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда аэропортту көчүрүп, шаар аймагын кеңейтүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Элдос Таев шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолугушту.

Жолугушууда адистер учурда башкы планды даярдоо боюнча жеринде иш жүргүзүп жатышкандыктарын белгилеп, айтылган сунуш-пикирлердин үстүндө иш алып барышарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы толугу менен 2023-жылы даяр болот. Даярдалып жаткан баш планда шаардын аймагы 4452 гектар аянтка кеңейтилип, көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт шаарга жакын жайгашкан райондордун биринин аймагына көчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий