• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда аялды муунтуп өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аялды жолук менен муунтуп өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 24-ноябрда Аксы районунун 56 жаштагы тургуну "102" кызматына чалып, Кербен шаарында жашаган 49 жаштагы К.Ж. аттуу карындашын өзү жашаган үйүндө белгисиз бирөө жолук менен муунтуп өлтүргөндүгүн кабарлаган.

Маалымат боюнча райондук милиция окуя болгон жерге барып, тиешелүү материалдарды чогулткан. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркумга сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын башында кандын уюп калган калдыктары жана жанчылып жарылган жарааты, ошондой эле мойнунда муунтуунун көгөргөн издери байкалган.

Жалал-Абад облустук милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Аксы райондук милициясынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 26-ноябрда Ош облусунун 38 жаштагы Т.Ф. аттуу тургуну кармалган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Ф. Аксы районунун тургуну К.Ж.ны өлтүрүп, анын алтын буюмдарын, кол телефонун алып, андан кийин Ала-Бука районунан такси аркылуу Ош шаарына баргандыгы белгилүү болгон. Ал жактан алган алтын буюмдарын жана кол телефонун сатып, Ош шаарында убактылуу берилген көп кабаттуу үйдүн батирин ижарага алып, эч ким менен байланышпай жашырынып жаткан. Керектүү нерселерди такси кызматы аркылуу алдырып жашап тургандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Жактоочунун катышуусунда Т.Ф. суракка алынып, кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган жана болгон окуя боюнча толугу менен көрсөтмө берген. Шектүүгө карата Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий