• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда аялы абактагы жолдошуна акча өткөрүп берүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кечээ, 5-январда жазалары аткаруу №10 мекемесинде (абак) отурган жолдошуна аялы акча өткөрүп берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан Ош облусунун Ш.у.Ч. аттуу тургунуна анын М.А. аттуу аялы мекеме жетекчисинен 4 саатка жолугушууга кирүүгө уруксат сурап кайрылган.

М.А. аттуу аял абакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси боюнча таанышып, Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 166-беренеси тууралуу эскертилдим деп билдирген. Ал аталган мекеменин текшерип өткөрүү жайына кубаттагычы менен телефон жана 70 сом акча каражатын таштаган.

Жолугушууга кирип жаткан жерден мекеменин тинтүү бөлмөсүнөн текшерген учурда курткасынын ичине бекитип, койнуна катылган кара түстөгү баштыкча табылган. Анын ичинен Россиянын 6 даана 5 миң рубль, 5 даана 2 миң рубль жана Кыргызстандын бир даана 1 миң сом, 3 даана 100 сом табылган. Жалпысынан 40 миң рубль жана 1 миң 300 сом табылып, акт түзүлдү.

Аталган факты боюнча маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, топтолгон материалдар ЖАМКтын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча сотко чейинки териштирүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий