• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда айрым мектептер толук кандуу иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда айрым мектептер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы мектептердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу шаардык штаб чечим кабыл алды. 7-декабрдан тартып калаадагы Курманбек балдар лицейи, З.Нурматова кыздар лицейи, Симба, Билимкана, Лицей-Эверест, Илим жеке менчик билим берүү мекемелеринин окуучулары салттуу түрдө билим алуусун улантат. 1-класстан 11-класска чейин толук кандуу мектептен окуй башташат. Ал эми Нур-билим ордосу, Грамотей жеке менчик мектептери жана №6, 11, 19 орто мектептеринде 1-2-3-4-5-6-9-11-класстын окуучулары мектептен окуй башташат. Аталган мектептердеги 7-8-класстар онлайн окуйт.

Калган бардык муниципалдык мектептер буга чейинки тартип менен билим берүүнү улантат. Академия роста жана Философия жеке менчик мектептери санитардык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу ишмердүүлүгүн токтотот. Окуучуларга толук кандуу шарт түзүлгөн соң уруксат берилет.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептерде жаңы жылдык балаты майрамдары уюштурулбайт.

Пикир

Оставить комментарий