• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда айылдардын жаш фасилитаторлору үчүн тренингдер өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда 2021-жылдын 15-мартынан 18-мартына чейин максаттуу айылдардын фасилитаторлору үчүн “Тренердик чеберчилик жана фасилитация ыкмалары” жана “Коомдордун муктаждыктарын биргелешип изилдөө” темаларында тренингдер өттү. Бул тууралуу Коомчулуктарды инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тренингдер АРИС жана Ага Хан Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо» жана «Жергиликтүү коомдордун катышуусун жакшыртуу жана социалдык жоопкерчиликти жакшыртуу» долбоорлорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Ага Хан Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү коомдордун катышуусун жакшыртуу жана социалдык жоопкерчиликти жакшыртуу» долбоорунун координатору Кубатбек Алапаевдин айтымында, тренингдерге бардыгы болуп жаштардан турган 304 адам (фасилитатор) катышып жатат. Бул аталган 77 айылдын ичинен жергиликтүү калк тарабынан окутуу үчүн көрсөтүлгөн 18 жаштан 34 жашка чейинки болжол менен 4төн жаш лидер (2 кыз жана 2 жигит).

Тренингдин негизги максаты - жаштарды фасилитация ыкмаларына окутуу жана аларды өзүнүн аймагын өнүктүрүү процессине катыштыруу болуп саналат.

Фасилитация – бул фасилитатор, башкача айтканда, жетекчи өзүндө лидердин эле эмес, ошондой эле модератор жана катышуучунун белгилерин айкалыштырган башкаруу стили, башкача айтканд,а ал өзү катышат жана тигил же бул процессти жүргүзөт.

К. Алапаев белгилегендей, мында фасилитаторлор өздөрүнүн айылынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгуу процессине катышат.

«Алар айылдын муктаждыктарын аныктоону, чогулуштарды өткөрүүнү, айылдын ичинде фокус-топтук талкууларды жүргүзүүнү үйрөнүүлөрү керек болот. Бул үчүн аларга ушул тренингдерде окутулуучу белгилүү бир ыкмалар талап кылынат», - деп түшүндүрдү ал.

Ага Хан Фондунун координатору тренинг аяктаганда 304 катышуучу максаттуу областтардын жаштары долбоорду ишке ашырууга активдүү таасир этип жана жаштар демилгелерин пландоого, ишке ашырууга басым жасоо менен айылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жардам бере ала тургандай билимдерди алыша тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 9-29-мартка чейин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында бир канча тренинг өтөт: 15-18-мартка чейин – Жалал-Абад шаарындагы максаттуу топтор үчүн; мурдараак – 9-13-мартка чейин - Ош облусунда; 22-29-мартта Баткен облусунда тренингдерди өткөрүү пландалган.

Маалымат үчүн: Эске салсак, Кыргызстанда «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу башталган, анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандын электр энергиясынын ашыкчасын жай мезгилинде Пакистан жана Афганистанга экспорттоо үчүн жогорку вольттогу электр өткөргүч чубалгыларын (ЭӨЧ) куруу пландалган.

ЭӨЧ каттамы Жалал-Абад, Ош жана Баткен областы аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өтөт. ЭӨЧ аракеттенүү коридорунда жайгашкан 77 калктуу конуш «CASA-1000 Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында ЭӨЧкө жакын жайгашкандыгына, калкынын саны жана айылдардагы жаштардын санына, ошондой эле жакырчылык көрсөткүчүнө жараша тигил же бул финансылык колдоо алышат.

Пикир

Оставить комментарий