• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда акыркы коңгуроого карата мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22./Кабар/. Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасында кызматкерлер айылдарды аралап, профилактикалык жумуштарын улантууда.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы коңгуроого карата мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Автоунаалардын коштоосу менен эс алуу жайларына барууга тыюу салынары эскертилүүдө.

Ошондой эле Сары-Булуң айыл аймагындагы Т. Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин окуучуларына жана эмгек жамаатына өрт коопсуздугуна каршы жана алын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, милиция жана О. Чопиев атындагы спорт мектебинин эмгек жамааты тарабынан спорттук иш-чара өткөрүлдү. Ага район аймагындагы орто мектептердин окуучулары катышып, уландар жана кыздар арасында волейболдон күч сынашышты. Кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубок жана ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий