Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынан билдиришти.
Жалал-Абад облустук милициясына Талас облусунун Бакай-Ата районунун 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2021-жылдын 20-сентябрында Сузак районундагы сары таш жасап сатуучу ишканадан Ю.Н. аттуу жаран “Бир фура сары ташыңызды берип туруңуз, мен өзүмдүн үч фура сары таш менен кошо Казакстанга алып барып сатып, сизге 8 миң доллар беремин” деп бир фура сары ташын алып кетип, акчасын бербегендигин билдирген.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 10-июнунда Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы Ю.Н. аттуу тургунуна издөө жарыяланган. Шектүү жашаган дарегин өзгөртүп, тергөөдөн изин жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын 11-октябрында издөө иши ачылган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн Ю.Н. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий