• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда алгачкы жолу каратэ-до боюнча “Kyrgyzstan open 2022” эл аралык турнири өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу каратэ-до боюнча “Kyrgyzstan open 2022” эл аралык турнири өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын ачылуу аземи бүгүн, 14-майда өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таев, Жалал-Абад облустук каратэ-до федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана коноктор катышты.

Эл аралык турнирде Кыргызстандын 7 дубанынан жана Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген 500дөн ашшуун 6 жаштан 17 жашка чейинки курактагы жаш спортчулар күч сынашууда.

Жеңүүчүлөр кубок, медаль, дипломдор менен сыйланат.

Эске салсак, Жалал-Абад облустук каратэ-до федерациясында 300дөн ашуун бала тарбияланса, 14 машыктыруучу эмгектенип келет.

Пикир

Оставить комментарий