• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда “Алтын өрөөн” республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-августунда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Алтын өрөөн” республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басама сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Салтанат Аманова, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, КРнын кол өнөрчүлөр коомунун төрайымы Жамбы Карыбекова катышты.

Фестивалга республиканын ар бир облусунан, район шаарларынан келген ууз чеберлер катышып, колдорунан жасалган эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Салтанатка келген меймандарды Т. Тыныбеков атындагы филармониянын керней-сурнайчылары тосуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган "Канткенде адам улуу адам болот" аттуу театралдаштырылган көрүнүш менен башталды.

Ошондой эле иш-чаранын негизги бөлүгү болгон кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектеринин көргөзмөсү, дизайнерлердин этникалык стилдеги заманбап кийимдердин көргөзмөсү болуп, “Алтын өрөөн” фестивалына активдүү катышкандар кол өнөрчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору менен сыйланды.

Иш-чара Т. Тыныбеков атындагы облустук филармониянын оркестринин коштоосунда концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий