• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Азия чемпионатында ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемипонатында Жалал-Абад шаарынан барган 2 спортчу 1-орунду, дагы бир спортчу 2-орунду багындырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ийгилик жараткан спортчулар менен бүгүн шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова жолугуп, спортчуларды жеңиши менен куттуктады.

Эске салсак, 21-майдан 23-майга чейин Ош шаарында болуп өткөн Алыш бел боо күрөшү боюна Азия чемпионатында Жалал-Абад шаарындагы И.Раззаков атындагы Олимпиядалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Феруза Курсантбек кызы 75кг салмакта 1-орунду ээлесе, Айбек Камулов 90кг салмакта 1-орунду багындырып алтын медалдын ээси болушкан. Ал эми Касым Анарбаев 70кг салмакта 2-орунду ээлеп, күмүш медалды жеңип алган.

Аталган чемпионатка Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Иран, Япония сыяктуу 11 өлкөдөн 300гө жакын спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий