• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абадда алыш күрөш боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Жалал-Абадда улан-кыздар арасында алыш күрөш боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 6-7-декабрда "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда болуп өттү. Баш байге үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан 379 жаш балбан катышты.

Мелдеште Салохиддин Нематжанов (30 кг чейинки), Нурдоолот Абасов (35 кг чейинки), Байыш Абакулов (40 кг чейинки), Ислам Мелисбек уулу (45 кг чейинки), Сабыр Элмурат уулу (50 кг чейинки), Байаман Абидинов (55 кг чейинки), Абдыразак Юнусбеков (60 кг чейинки), Нурбай Зулпуев (65 кг чейинки), Асан Дүйшөбек уулу (70 кг чейинки), Адилет Акылбеков (75 кг чейинки), Байалы Нуралы уулу (80 кг чейинки), Арслан Ташматов (80кг жогору) жеңүүчү аталды.

Кыздар арасында Айбала Жакыпова (35 кг чейинки), Нурзада Нурисбекова (40 кг чейинки), Мираида Толкунжан кызы (45 кг чейинки), Мээрим Тынарбек кызы (50 кг чейинки), Тынара Сартбаева (55 кг чейинки), Адина Жанышова (60 кг чейинки), Жумайым Оросбекова (65 кг чейинки), Айбике Камчыбекова (70 кг чейинки) жана Нурзат Досалиева (70 кг жогору) байгелүү орундарга илинди.

Пикир

Оставить комментарий