• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда аскер кызматчыларына жети кылмыш иши козголгон

Аймак 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы 2017-жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде коррупциялык иштерге байланышкан текшерүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп, жети кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу аталган мекеменин тергөөчүсү Султанбек Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, 9 ай ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында козголгон кылмыш иштеринин алкагында 9 адамга айыптары угузулуп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

“Ошондой эле тергөө мезгилинде аталган кылмыш иштеринин алкагында жалпысынан мамлекетке зыян келтирилген 522 миң 9 сом акча каражаты накталай түрдө өндүрүлгөн. Мындан ары дагы мындай текшерүүлөр тынымсыз жүргүзүлөт”,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий