• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда аскер кызматкери өз өмүрүн кыйды

Кырсык 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда аскер кызматкери өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери асынып калган.

“Окуянын кандай орун алгандыгы боюнча азыркы учурда такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштады”, - деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий