• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абадда AstraZeneca вакцинасынын терс таасири байкалып, 40тан ашуун аскер кызматкери дарыгердин көзөмөлүндө

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин терс таасир байкалган учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөөдөн кийинки көзөмөлдүн жүрүшүндө 2021-жылдын 5-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгендер арасында өзүн начар сезгендер байкалган.

Жалал-Абад облусуна жалпысынан 4 миң доза AstraZeneca вакцинасы бөлүнгөн, анын ичинен 211 адам эмделген. Маалым болгондой, аталган аскердик бөлүктө эмделген 90 адамдын төртөөндө эмдөөдөн кийинки терс таасирлер байкалган. Айрымдарынын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, баштары катуу ооруган.

Ал эми 40 аскер кызматкеринде субфебрилдик температура байкалган. Ушуга байланыштуу кошумча көзөмөл үчүн вакцинаны алган 44 аскер кызматкери дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя катталган жерге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана ата мекендик адистер жөнөп кетишти.

"Азыр биз бул учурлардын баары вакцина алгандан кийин катталдыбы же башка нерсе себеп болдубу билбейбиз. Элдердин тынчсыздануусун туура түшүнөбүз жана аталган жагдайга байланышкан акыркы маалыматтар менен бөлүшүп турабыз. Министрлик AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотту", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий