• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаардык ардагерлер кенешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов, аскер кызматкерлери катышты.

Иш-чарада ар бир инсан мекенди коргоого жана аны көздүн карегиндей сактоого милдеттүү экени белгиленип, мекен коргоочуларга арналган ыр-бийлер тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий