• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда атайын операциялар отрядынын күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жалал-Абадда Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Тагаев Ашим жана ошол түзүмдүн ардагерлери, чакырылган коноктор катышып иш-чара салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

Алгач Ашим Тагаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, эч качан арабызда жоготуулар болбосун, эл үчүн ак дилден кызмат өтөө керектигин баса белгилеп өттү. Андан соң 2 кызматкерге «Кочкул берет» квалификациялык наамы ыйгарылып, ИИМ жана ОИИБдин сыйлоо жөнүндө буйруктары окулуп, сыйлоо аземи жүргүзүлдү.

Аталган салтанатка кызмат өтөө учурунда маркум болгон кызматкерлердин жубайлары чакырылып аларга жана бир туугандарына сөз берилип, коноктор тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.

Соңунда кызмат учурунда каза болгон жана көзү өткөн кесиптештердин элесине аталып куран түшүрүлүп, эскеришти.

Пикир

Оставить комментарий