• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абадда атайын операциянын жүрүшүндө дээрлик 7 кг гашиш табылып алынды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында атайын операциянын жүрүшүндө дээрлик 9 кг грамм баңгизат табылып алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош ОИИБи менен биргеликте мурда катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында 2021-жылдын 11-сентябрында болжол менен саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарында Өзбекстандын жараны, мурда өз өлкөсүндө жана Кыргыз Республикасында соттолгон 1970-жылы туулган Т.О. кармалган.

Кармалган жаранды текшерүү учурунда, андан түстүү баштык табылып, анын ичинде скотч менен оролгон эки таңгактагы кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат болгон. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 1 кг 905 грамм болгон ооган түспөлүндөгү “гашиш” экендиги аныкталган.

Ошол эле күнү жаран Т.Б. саат 19:00 чамасында баңгизатты сатууну көздөп жаткан. Ушул учурда саткан баңгизаты үчүн акча каражатын алуу учурунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган К.А. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда шымынын оң чөнтөгүнөн көзөмөлдөнгөн затты сатып алуу үчүн берилген 8 миң доллар табылып алынган.

2021-жылдын 12-сентябрында түнкү саат 01:00 чамасында Жалал-Абад шаарында жаран К.А. жашаган жерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар 5 таңгакталган зат табылган. Анын жалпы салмагы 6 кг 922 грамм ооган түспөлүндөгү "гашиш" болуп чыкты.

Иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы сугат талааларынан жеткирилгени аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий