• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда автоунаа уурдаганга шектелип 18 жаштагы эки жигит кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.20./ Кабар/. Жалал-Абадда автоунаа уурдаганга шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-январь күнү Жалал-Абад шаарынын 60 жаштагы тургуну С.У. арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы автоунаа токтотуучу жайга өзүнүн айдап жүргөн “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз кылмышкерлер жашыруун түрдө уурдап, айдап кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын дагы бир 26 жаштагы тургуну С.Т. күнү арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү саат 23:50 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп койгон “Деу Тико” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБнин жана Жалал-Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 18 жаштагы тургундары Б.А. жана У.Э. кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий