• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад жана Сузак райондорундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө социалдык келишимдин негизиндеги "Үй-бүлөгө көмөк" долбоорунун алкагында 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Облус башчысы долбоордун катышуучуларын куттуктап, бул демилге мамлекет тарабынан жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу, айыл чарбасын же ишкерликти өнүктүрүү максатын көздөрүн айтты.

Мындан сырткары, эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөкпул алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, демилге президенттин тапшырмасы менен министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 60 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий