• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 200 бала акысыз эс алат

Аймак 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 200 бала лагерде акысыз эс алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдарынын бир бөлүгү жайкы эс алуу лагерине жиберилди.

"Балдар Сузак районундагы Жалал-Абад шаардык мэриясынын карамагындагы "Алтын балалык" лагеринде эс алат жана шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилет. Лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан жыл сайын акча каражаты бөлүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган лагерде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала эс алдырылат.

Пикир

Оставить комментарий