• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана шаардагы аймактык башкармалыктарда каттоодо турган аз камсыз болгон 2282 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Жалал-Абад облусу боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпы 3 миң тоннадан ашык ун таратылат.

Пикир

Оставить комментарий