• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда азык-түлүк жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ишемби күнү “Жаз жарманкеси” аттуу азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманкеде дыйкандар, атамекендик өндүрүшчүлөр, фермерлер өздөрүнүн продукцияларын сатууга алып чыгышты. Азык-түлүктөрдүн баасы базардагы нарктан арзан сатылды.

Барпы театрынын алдындагы аянтта уюштурулган жарманкеге мэр Эрнисбек Ормоков келди. Калаа башчы арзандатылган азык-түлүктү сатуу үчүн мындан ары да жарманке өтүп турарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий