• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда бүгүн 22 коомдук тамактануучу жай текшерилип, 19у жабылды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20 /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык бийлиги борбордук базардын ичинде жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда базардагы ашканалардын абалын санитардык талапка жооп бере тургандай жакшыртуу талабы коюлду.

"Акыркы күндөрдө базардагы тамактануучу жайлар тыкыр текшерилүүдө. Бүгүн да бул аракет улантылып, санитардык талапка жооп бербегендери рейд учурунда жабылып жатат. Эми алар санитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, кемчиликтери жоюлган соң гана ишмердүүлүгун уланта алышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү рейдде жалпы 22 жай текшерилип, анын ичинен 19у жабылды.

Пикир

Оставить комментарий