• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда бүтүрүү кечелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 11-классты аяктаган окуучуларга аттестаттар тапшырылууда. Буга байланыштуу облустук милиция тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тейлеген аймактарындагы мектептердеги аттестат тапшыруу аземдерине катышышты. Бүтүрүүчүлөрдүн келечектери кенен болуусун каалашып, жогорку билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошууга чакырышты. Ошондой эле жаратылыш койнунда эс алууга тыюу салынгандыгын эскертишти.

Ал эми Жалал-Абад ШИИБи тарабынан күндүзү мектеп окуучуларынын коопсуздугу көзөмөлдөнүп, түнкү убакытта кафе-ресторандарга рейд жүргүзүлдү. Тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте шаар аймагындагы көңүл ачуу борборлору текшерилип, алардын администраторлоруна бүтүрүү кечелерине буюртма албоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий