• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мекеме кызматкерлери, окуучулар жана китеп сүйүүчүлөр катышып, облустук китепкананын 95 жылдыгына карата уюштурулган "Китепканага китеп тартуула" акциясы менен коштолду.

Облустук китепканада өткөн саамалыкка облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков катышып, мекеме жамаатына калктын руханий маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ыраазычылык катын жана алып барган китептерин тапшырды.

Мында жаш сүрөтчүлөрдүн арасындагы сүрөт тартуу сынагы да уюштурулган. Облустук китепкананын эскилиги жеткен имаратын оңдоо муктаждыгы бар. Анда жалпы 126 миң 720 китеп фонду бар.

Пикир

Оставить комментарий