• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы: Баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын ыкчам иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте эл аралык байланыштары бар баңгизаттарын ташуу менен алектенген кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу Өзбекстан жана Казакстанга, ошондой эле Россиянын аймагына ири көлөмдө Афганистанда өндүрүлгөн оор баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, контрабандалык жол менен баңгизат ташуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 4-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1971-жылы туулган Н.М. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Бишкек шаарынан кармалып, анын жанынан спорттук сумканын ичине салынган апийим баӊгизатына окшогон 10 даана жана гашиш баӊгизатына окшогон 1 даана скотчко оролгон заттар алынган. Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу менен скотчко оролгон заттын таза салмагы 9 кг 790 гр болгон апийим баӊгизаты жана 1 кг 5 гр болгон гашиш баӊгизаты экендиги такталган.

Аталган кылмышка тиешеси бар болгон атуулдарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Маданият» чек ара өткөрмө бекетинен 1960-жылы туулган К.А. аттуу Ноокен районунун тургуну Өзбекстандын аймагына өтүү учурунда кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 2 килограммдан ашык болгон Афганистанда өндүрүлгөн гашиш баӊгизаты алынган.

Учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.М. жана К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий