• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында бала бакчалар ачылат

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүү боюнча иш жүрүүдө, - деп билдирет шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн вице-мэр Руслан Алтымышев баштаган топ калаадагы балдар бакчаларынын санитардык абалын текшерип чыкты.

"Бала бакчаларга наристелерди кабыл алуу боюнча атайын алгоритм иштелип чыккан. Бир тайпада 15-20 бала болуп, санитардык нормалар так сакталууга тийиш. Бала бакчалардагы абал тууралуу жакынкы күндөрү шаардык штабдын жыйынында талкууланып, кайсы күндөн уруксат бериле турганы жөнүндө чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий