• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда "Баланы туура эмизүү, эне сүтү балага баалуу” жумалыгы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Баланы туура эмизүү, эне сүтү балага баалуу” жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жумалыктын алкагында шаардын №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери кош бойлуу энелерге балага кам көрүүдө жана эненин саламаттыгын алдын алуу, эне сүтүнүн бала үчүн маанилүүлүгү жаатында окутуу өткөрдү.

Окутууда дарыгерлер эненин ден соолугуна кам көрүү, кош бойлуу кезде дарыгердин көзөмөлүндө болуу, наристе төрөлгөндөн тарта эмдөөнүн алгоритми менен эмдөөгө баруу тууралуу маалымат берди.

Түшүндүрүү иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий