• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда балдарга арналган оюнчук жыйноо акциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы “Славян” диаспорасынын демилгеси менен балдарга оюнчук жыйноо акциясы башталган. Аны калаа мэриясы да колдоого алып, шаардагы мекеме-ишканалар арасында жайылтууну уюштурган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Анын алкагында ушул жылдын 1-февралынан 20-февралына чейин шаарда оюнчук топтоо акциясы жүрүп, ага мекеме-ишканалар, жогорку жана орто окуу жайларынын жамааттары, шаардын эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери активдүү катышты.

Топтолгон оюнчуктар Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан наристелерге тапшырылып, көтөрүңкү маанай тартууланды.

Аталган акцияны шаардагы “Славян” диаспорасы, каала мэриясы менен биргеликте 2020-жыл -“Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында ишке ашырды.

Пикир

Оставить комментарий