• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда Барпы электр тармактар бөлүмүнүн имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Барпы электр тармактар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу “Жалалабатэлектр” ишканасы билдирди.

Иш-чарага Улуттук энергохолдинг ишканасынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов, облустук жана райондук жетекчилер, “Жалалабатэлектр” ишканасынын башкы директору Дурусбек Рахманов баштаган кызматкерлер жана айыл тургундары катышты.

"Аталган бөлүмдүн кызматкерлери буга чейин авариялык абалдагы имаратта иш алып барышчу. Компания өз эсебинен каражат бөлүп, имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрдү", - деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле имарат Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө да ачылып, пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий