• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абадда батирлерге кирип, уурулук кылган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Жалал-Абадда түнкү убакыттарда батирлерге кирип, уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 4 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 20-28-июнь күндөрүнүн аралыгында үйлөрүнө түнкү убакыттарда белгисиз кылмышкерлер кирип, акча жана телефондорун уурдап кетишкендиктерин билдирген. Жабырлануучулар жалпысынан 400 миң сомдон ашуун материалдык чыгымга учурашкандыктарын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилген. Анын негизинде ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Сузак районунун 2001-жылы туулган Б.М. аттууу тургуну Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий