• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилди

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында Баткен окуяларында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Баткен окуяларынын ардагерлери, курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.

Иш-чарада Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин элесине арналган эстелике гүл коюлуп, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Облус башчысы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өзүнүн аскердик милдетин абийирдүүлүк жана кайратмандык менен аткаргандардын эмгеги эч качан унутулбасын белгилеп, алардын мисалында келечектеги мекен коргоочулары тарбияланаарын кошумчалады.

Баткен коогалаңында чек арадан 200дөн 1000ге чейинки террордук согушкер өткөн. Мамлекет атарабынан жүргүлүгөн аскердик операцияга 2 миңге жакын аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашууну жаараат алган. Жалал-Абад облусунан да 2 миңден ашуун жаран мобилизацияга тартылган. Террорчулар менен болгон кагылышууда облустан барган 17 жоокер баатырларча курман болуп, дагы 20га жакыны жараат алган.

Эскерүү иш-чарасы облустук филармонияда уланып, Баткен согушунун ардагерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сом акча каражаты жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, ага жалпысынан 400дөн ашык киши катышып, коогалаңда 53 адам курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий