• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Баткен согушунун катышуучулары антитеррордук иш-чара өткөрүшөт

Аймак 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 1999-2000-жылдары болуп өткөн Баткен согушунун катышуучуларынын Жалал-Абад облустук жана шаардык кеңеши антитеррордук иш-чара өткөрүүгө камынып жатат. Бул тууралуу Баткен согушунун катышуучуларынын облустук жана шаардык кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 25-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында антитеррордук темадагы семинар уюштурулуп, ага облустагы жана шаардагы Баткен согушунун катышуучулары катышмакчы.

“Бул иш-чараны алкагында Баткен согушуна катышып, эгемен Кыргызстанды сырткы жоодон коргогон эр-азаматтарыбызга бүгүнкү күндөгү терроризм, анын дүйнөлүк кесепеттеринин кулач жайып баратышы, ага каршы туруунун жолдору тууралуу кеңири сабактар өтүлмөкчү. Окутуу үчүн Бишкектен, Оштон дасыккан адистер келишет. Окуунун жыйынтыгы менен анын катышуучуларына сертификаттар берилет. Биз бүгүнкү тынчтык күндөрүндө элибизде, жерибизде тынчтыктын сакталышы боюнча өз салымдарыбызды кошууга аракет кылабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, мындай иш-чара буга чейин Ош шаарында болуп өткөн. Мындан ары да өлкөнүн башка аймактарында ал улантыла бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий