• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда Баткенден келген үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Баткен облусунан эвакуацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен баткендик 60 балага балдар ойноочу "Луна паркта" оюн-зоок уюштурулуп, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова кабар алды.

“Аталган балдар ойноочу жайы Баткенден келген балдарга акысыз кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле “Bipi” такси кызматы балдарды акысыз жеткирип жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балдарга тамак уюштурулган. Алдыда мындай иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий