• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда базар бааларына көзөмөл жүргүзүлүүдө - мэрия

Аймак 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында базар бааларына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин кызматкерлери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте базарларды текшеришти.

Текшерүү учурунда уй этине болгон баанын көтөрүлүүсү байкалган. Рейд аркылуу негизсиз бааны көтөргөндөр аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий