• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда базар, кафе-ресторандар атайын графиктин негизинде дезинфекцияланат

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы базарлар, кафе-ресторан жана коомдук тамактануучу жайлар атайын графиктин негизинде бир күнгө ишин токтотуп, дезинфекциялоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясында шаар аймагындагы базар, кафе-ресторандар жана коомдук тамактануучу жайлардын ээлери, ишкерлер менен жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызмат өкүлдөрү жолгушту.

Жыйында учурдагы пандемиялык кырдаал талкууланып, COVID-19 илдетинин мындан ары жайылуусунун алдын алууга багытталган чечимдер кабыл алынды.

Ага ылайык, бардык базарлар, кафе-ресторан жана коомдук тамактануучу жайлар 21-июндан тартып, атайын графиктин негизинде бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылмай болду.

Пикир

Оставить комментарий