• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда бийиктиги 25 метр болгон балаты орнотулууда (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына 25 метрлик балаты орнотуу иши жүрүп жатат. Жылдагыдан айырмаланып, бул жылы шаардын борбордук аянтына жандуу эмес, жасалма балаты коюлат. Бул идея жаратылышты коргоо, экологияга аяр мамиле жасоодон, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө аракетинен улам келип чыкты. Балатыны куруу иштери декабрь айынын ортолоруна барып аяктайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Ал эми шаар тургундары быйыл жаңы жыл майрамы өзгөчө белгиленээрине ишеним артып турган чагы. Даярдыктар эрте башталганы жана балатынын бийиктиги көпчүлүктү ушундан үмүттөндүрүүдө. Шаар тургундары деле жасалма балатыны орнотуу жакшы демилге экенин айтышууда. Анткени өсүп турган арчаны кыркуу табиятка зыян келтирет жана анан калса бир ай турган соң керексиз болуп калат. Эми кийинки жылдарга да быйыл алынган жасалма балаты орнотулса, бюджеттик каражат да үнөмдөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми быйыл жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 1 миллион 500 миң сомуна балаты жасалат, калган каражат шаардын жасалгалоосу үчүн иштетилет.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында биринчи жолу 25 метр болгон балаты жасалууда. Жыл сайын балатылардын бийиктиги 18 метрден 20 метрге чейин гана болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий