• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда бийиктиги 28 метрлик балаты орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бийиктиги 28 метрлик балаты орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, балаты борбордук "Эркиндик" аянтына орнотулган. Учурда балатыны кооздоо иштери жүрүүдө.

"Балатыны кооздодо улуттук оймо-чиймелерге, жарыктандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле, ал оюнчуктар менен жасалгаланып, аянтка ар кандай инсталляциялар, чаналар жана башка декорациялык буюмдар коюлат", - деп билдиришти мэриядан.

Балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерине 1,3 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий