• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда билим берүү кызматкерлери экопаркка 400 даана көчөт отургузушту

Аймак 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы экопаркка билим берүү кызматкерлери 400 даана көчөт отургузушту.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, каштан дарагынын көчөттөрү “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында тигилген.

Эске салсак, 18-мартта аталган паркка 1300 даана каштан дарагынын көчөтү отургузулган.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына жергиликтүү бюджеттен 4475 даана көчөт отургузуу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий